Казакстан президентинин төрагалыгы астында өкмөттүн кеңейтилген жыйыны өттү

Казакстан президентинин төрагалыгы астында өкмөттүн кеңейтилген жыйыны өттү

Бүгүн мамлекет башчынын төрагалыгы астында Өкмөттүн кеңейтилген жыйыны өттү. Анда өлкөнүн 2024-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы чыгарылып, Казакстандын Президенти алдыдагы мезгилдеги негизги милдеттерди белгиледи. Алсак, өткөн жылы ИДӨдүн өсүшү 4,8%ды түздү. Айыл чарбасында, курулушта, соодада жана транспортто жогорку динамика байкалды. Эң башкысы-өндүрүш өнөр жайынын көлөмү дээрлик 6 пайызга өстү. Статистикалык көрсөткүчтөрдүн артында конкреттүү натыйжалар турат. Казакстанда чоюн куюу, вольфрам жана жылуулук изоляциялоочу материалдарды өндүрүү, катоддук жез өндүрүү жана башкалар боюнча 29 ири завод курулду. Касым-Жомарт Токаев белгилегендей, дүйнөдөгү оор кырдаалга карабастан, өлкөнүн экономикасы өсүп жатат, бирок чечилбеген көйгөйлөр дале көп. Ал эми өкмөт стагнациянын алдын алуу жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн татаал чечимдерди кабыл алышы керек. Бул үчүн мамлекет башчысы биринчи кезекте экономиканы ар тараптандырууда артыкчылыктуу багыттарды аныктады. Касым-Жомарт Токаев сапаттуу инвестицияларга, геологиялык чалгындоого, ошондой эле инвесторлор үчүн кошумча преференцияларды караштырууга басым жасоо стратегиялык мааниге ээ, деп баса белгиледи.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

 

- Өкмөт бардык деңгээлдеги – чет өлкөлөрдө, региондордо, борбордо инвесторлорду издөөнү, колдоону жана коргоону күчөтө турган бирдиктүү экосистеманы түзүшү керек. Бул саясат чет өлкөлүк жана ата мекендик инвесторлорго тиешелүү. Мында мамлекеттик колдоо алган инвесторлорго жумуш орундарын сактоо, өндүрүштү модернизациялоо, экологиялык талаптарды сактоо боюнча акылга сыярлык милдеттенмелер көрсөтүлүүгө тийиш.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков