ЖККУнун уставдык ишинде уюмдун бардык мүчө-мамлекеттери үчүн эң актуалдуу жана талап кылынган багыттар. Атап айтканда, терроризм, мыйзамсыз баңги зат жана курал-жарактарды ташуу, маалымат чөйрөсүндөгү кылмыштуулукка каршы күрөш сыяктуу чакырыктарга өзгөчө көңүл буруу зарыл. Бул тууралуу мамлекет башчы ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовду кабыл алган учурда билдирди. Жыйында Казакстандын төрагалык кылуу мезгилиндеги уюмдун негизги милдеттерин ишке ашыруу маселелери талкууланды. Имангали Тасмагамбетов Казакстан тарабынан демилгеленген иш-чаралар планынын аткарылышы тууралуу маалымат берди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков