Президент Физули шаарын өнүктүрүүнүн башкы планы менен таанышты

Президент Физули шаарын өнүктүрүүнүн башкы планы менен таанышты

Казакстандын Президентинин Азербайжанга мамлекеттик сапарынын экинчи күнү Физулиде уланды. Касым-Жомарт Токаев менен Ильхам Алиев шаарды өнүктүрүүнүн башкы планы менен таанышты. Мамлекет башчыларына Физулини жана анын айланасындагы аймактарды кайра калыбына келтирүү боюнча колго алынган чаралар тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле, шаардын жаңы жүзү: болочок административдик борбордун, сейилбактын жана башка да маанилүү объекттердин эскиздери менен долбоорлору көрсөтүлдү. Андан соң эки тараптын лидерлери казактын күүчүсү Курмангазы атындагы Балдар чыгармачылык борборунун салтанаттуу ачылыш аземине катышты. Жаңы окуу жайына казак композиторунун ысымы бекеринен берилип жаткан жок. Анткени казак элинин күүчүсүнүн бай мурасы бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн асыл казынасына айланган. Заманбап инновациялык борбор Касым-Жомарт Токаевдин демилгеси менен казакстандыктардын атынан боордош Азербайжан элине гуманитардык белек катары аз убакыт ичинде салынды.

 

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Бул – Казакстан калкынын белеги. Менин жеке тапшырмам боюнча аталган белекти жеке менчик BI Group компаниясы жалпы элдин атынан чын жүрөктөн тапшырат. Борбор өлкөлөр ортосундагы ар тараптуу байланыштарды чыңдоого кызмат кылат деп ишенем. Сиздерге ийгилик жана бакубат жашоо каалайм. Азербайжандын бул ыйык жери мындан ары да өнүгө берет деп ишенем.

 

Өз кезегинде Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Касым-Жомарт Токаевге жана бардык казак элине ыраазычылык билдирди. Эки өлкөнүн башчылары Борборду кыдырып көрдү. Имаратта 600 баланын бир нече нөөмөт менен мектептен тышкаркы билим алуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Мында дарс залы, шахмат, ашпозчулук класстары, көркөм өнөр жана скульптура студиясы, хореография жана спорт залдары, ошондой эле, башка да класстар бар. Борбордо IT-стартаптарга жана Азербайжандын улуттук маданиятына, анын ичинде килем токуу өнөрүнө басым жасалган. Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев Борбордун жамаатына Курмангазы домбрасынын көчүрмөсүн, ошондой эле, билим борборунун тарбиялануучуларын ташый турган автобусту белекке берди.

Андан соң президенттер Физули шаарындагы борбордук оорукананын курулушу менен таанышты. Келечектеги медициналык мекеме 180 орундуу болот. Имараттын жалпы аянты 34 миң чарчы метрден ашат. Ооруканада стационардык кызмат көрсөтүүчү кардиология, неврология, гемодиализ, терапия, хирургия, педиатрия жана башка бөлүмдөрдү ачуу мерчемделип жатат. Ал эми амбулатордук режимде бейтаптарга кеңеш берүүчү поликлиника, балдар поликлиникасы, функционалдык диагностика, гигиена жана эпидемиология борбору иштейт.

 

Физулини кыдырып көргөн эки өлкөнүн президенттери Азербайжан маданиятынын алтын бешиги саналган Шуша шаарына барды. Касым-Жомарт Токаев менен Ильхам Алиев аймактын белгилүү жерлеринде болушту. Анын ичинде борбордук аянт, «Саатлы» мечити, тоо кыркасындагы «Джыдыр дюзю» аянты, «Бюль-Бюль» музей-үйү, жалпы улуттук лидер Гейдар Алиевдин 100 жылдыгына карата уюштурулган фото-көргөзмөнү көрүштү. Бүгүнкү күндө шаарда инфраструктураны калыбына келтирүү иштери кызуу жүрүп жатат. Аймакта музей жана мечиттер курулган. Турак жай имараттары, билим берүү мекемелери, социалдык объекттер салынууда.


Которгон: Илгиз Жамалбеков