Казакстан менен Марокко укук коргоо тармагындагы кызматташтыгын бекемдейт

Казакстан менен Марокко укук коргоо тармагындагы кызматташтыгын бекемдейт

Казакстан менен Марокко укук коргоо тармагында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө ниеттенүүдө. Сенат дал ушуну көздөгөн бир катар эки тараптуу келишимди жактырды. Алардын бири өз ара кылмыш жоопкерчилигине тартуу же сот өкүмүн аткаруу үчүн тараптардын аймактарында аныкталган адамдарды экстрадициялоо маселелерин жөнгө салууга багытталган. Бул мыйзамда макулдашуучу мамлекеттердин өз жарандарын кармап берүүсү каралбаганын белгилеп кетүү керек. Ал эми кийинки документ кылмыш иштерин тергөөнүн ыкчамдыгын арттырууну көздөйт. Анда өз ара укуктук жардам көрсөтүү максатында компетенттүү органдар арасында далилдер менен маалыматтардын өз убагында алмашуусун камсыздай турган нормалар жазылган.

Маулен Ашимбаев, парламент сенатынын төрагасы:

- Бул келишимдер коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыздоого багытталган. Келишимдин эрежелери кармап берүүнүн жана соттолгон адамдарды берүүнүн шарттары менен жол-жоболорун жөнгө салат. Ошондой эле жарандарга укуктук жардам көрсөтүү маселелерин аныктайт. Келечекте бул мыйзамдар эки өлкөнүн кылмыштуулукка каршы күрөшүү жолундагы биргелешкен ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун арттырат деп ишенебиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков