Эгерде жарандардын чыгашалары мыйзамдуу кирешесинен негизсиз ашып кетсе, тиешелүү чаралар көрүлөт. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жалпы жыйынында Коррупцияга каршы иш-аракет маселелери боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбоорун тааныштырууда Коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин төрагасы билдирди. Марат Ахметжанов документтин негизги жоболору президент тарабынан бирдин айынын 2де бекитилген Коррупцияга каршы саясат концепциясынан башталарын билдирди. Ал билдиргендей, сунушталып жаткан норма коррупцияга каршы күрөшүү системасынын негизги пайдубалы болуп саналат. Анын айтымында, бүгүнкү күндө активдерди коррупциялык түрдө жыйноо, аларды башканын атына каттап, активдерди жашыруу схемасы бардыгына белгилүү. Ал эми бул катылган байлыктын мыйзамсыз жол менен алынганын далилдөө оңой эмес. Ошондуктан, эгерде жарандардын чыгашасы кирешеден ашып кетсе, жоопкерчилик принциби колдонулат. Төмөнкү палата документти биринчи окууда жактырды.
Марат Ахметжанов, Казакстандын коррупцияга каршы иш-аракет агенттигинин төрагасы:
- Учурдагы мыйзамдарда каралган 10% жеке киреше салыгынан тышкары мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигин күчөтүү сунушталууда. Тактап айтканда, чиновниктердин чыгашасы менен кирешесинин айырмасы айына 1000ден ашса, фискалдык санкциялар каралат. Башкача айтканда, айырмачылык суммасынын 90 пайызы административдик айып катары конфискацияланат. Кандай болгон күндө да ар бир адамга чыгымдардын мыйзамдуулугун түшүндүрүүгө мүмкүнчүлүк берилгенин белгилей кетүү керек. Ал эми айырма жылдык кирешеден ашып жана аны каяктан келгенин түшүндүрө албаса, мансап жазасы каралат. Бул – мамлекеттик кызматтан үч жылга терс себептер менен бошотулат дегенди билдирет.
Ошентип, кирешелери жана чыгашалары тууралуу маалымат менен бөлүшүүгө милдеттүү жарандар да аталды.
Марат Ахметжанов, Казакстандын коррупцияга каршы иш-аракет агенттигинин төрагасы:
- Биринчи этапта – мамлекеттик кызматкерлер. Алар өткөн жылы кирешелерин көрсөтүшкөн. Эми кирешелер менен чыгашаларды салыштыруу башталат. Экинчи этапта – 2023-2024-жылдар – мамлекеттик органдардын жана квазисектордун кызматкерлери. Үчүнчү этапта - 2024-2025-жылдар – юридикалык жактардын жетекчилери жана уюштуруучулары. Акыркы этап – 2025-2026-жылдары декларацияны калган бардык жарандар тапшырышат. Ошондо гана бүтүндөй калктын активдери менен мүлкү белгилүү болот. Жоопкерчилик тууралуу норма күчүнө кирет.
Белгилей кетсек, мыйзам долбоорунда коррупциялык фактылар тууралуу билдирген жарандарды коргоо системасы өркүндөтүлөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков