Дүйнөлүк кызматташтыктын дарамети. Астанадагы Максут Нарикбаев атындагы университетте БУУнун келечектеги саммитинин негизги демилгелери сунушталды. Эске сала кетсек, жыл сайын өтүүчү салтка айланган иш-чара быйыл аяк оона айынын 22-23-күндөрү БУУнун штаб-кеңсесинде өтөт. Кийинки жыйындын жыйынтыгында «Келечек үчүн пакт», глобалдык санариптик келишим жана «Келечек муун үчүн декларация» бекитилүүгө тийиш. Буга байланыштуу дипломатиялык корпус борбор калаада чогулуп, коопсуздук жана туруктуу өнүгүү максаттарын камсыз кылуунун жаңы жолдорун талкуулашты. Серепчилери Казакстандын дүйнөлүк кызматташтык чынжырындагы көп тараптуу дипломатиясына оң баа беришүүдө. Алардын айтымында, өлкө БУУнун алкагында кызматташуу горизонтторун кеңейтип, эл аралык деңгээлде аброюн арттырып келет.
Микаэла Фриберг-Стори, БУУ Казакстандагы туруктуу координатору:
- Бириккен Улуттар Уюмунун Казакстанда иштегенине 30 жылдай болду. Биз туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүү үчүн жарандар жана өкмөттөр менен кызматташабыз. Маселен, кайра жанма энергия булактары, климаттын өзгөрүшү сыяктуу орчундуу маселелерге каршы күрөшүү багытында Улуттук экономика министрлиги жана Экономикалык изилдөөлөр институту менен биргеликте статистикалык изилдөөлөрдү күчөтүүгө чакырып жатабыз. Биз ошондой эле жогорку технологияларга жана туруктуу айыл чарбасына өтүү жолунда чакан фермердик чарбаларды жана аялдардын ишкердигин колдоого аракет кылабыз.
Нико Шермерс, Нидерландынын Казакстандагы элчиси:
- Казакстан БУУнун көптөгөн структуралык бөлүмдөрүндө абдан маанилүү оюнчу болуп саналат. Маселен, учурда Казакстан Нидерланды менен бирге БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине тең төрагалык кылууда. Биз Казакстанды көп тараптуу дипломатияны карманган абдан маанилүү өнөктөш өлкө катары көрөбүз. Андыктан Казакстан эл аралык деңгээлде өзүнүн аброюн мындан ары да жогорулатып, көп тараптуу саясатын бекемдейт деген ойдобуз.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков