Казакстан бир катар мамлекет менен жүк ташуу жаатында келишим түзөт. Транспорт министрлиги учурда Дания, Македония, Португалия жана Бириккен Араб Эмираттары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. Маселен, араб мамлекети менен кызматташтык орнотуу ата мекендик жүк ташуучулар үчүн Перс булуңунун портторуна, Индия, Пакистан жана башка да өлкөлөрдүн жүк рыногуна чыгууну камсыз кылат. Муну менен катар, өлкөгө эл аралык ири операторлордун өкүлчүлүктөрүн тартуу, казакстандык экспорттоочуларга автоунааларды сатып алуу үчүн жеңилдетилген шарттарды түзүү, ата мекендик тарткыч техникаларынын өндүрүшүн өнүктүрүү көздөлүп жатат. Бул чаралар республикада жүк транспортторунун паркын эки эсе арттырууга мүмкүндүк берет. Эл аралык жүк ташуу коридорлорунда ата мекендик жүк ташуучулардын үлүшүн жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн жаңычылдык колго алынат. Бул үчүн өлкөдө чет өлкөлүк уруксат бланктарын таратуунун автоматташтырылган системасы киргизилет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков