Казакстанда Борбор Азиядагы эң ири Маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорунун алкагы курула баштады. Долбоордун кубаттуулугу 1 ГВтга чейин жетиши керек. Премьер-министр буга байланыштуу Улуттук курултайдын бешинчи отурумунда президент койгон милдеттердин ишке ашырылыш процесси каралган жыйын өткөрдү. Анын курулушу үчүн Павлодар облусунда 1,4 миң гектар жер тилкеси бөлүндү. Кеңири долбоор эл аралык стандарттарга ылайык жасалууда. Эсептөө борборунда чет элдик компанияларды тартууга арналган атайын аймак болот. Мунун аркасында ири компаниялар менен иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү. Ошентип, 30 млрд долларга чейин инвестиция тартуу көздөлүп отурат.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

