Казакстан аркылуу Кытайдан Европага жүк ташуу 2027-жылга чейин 10 миллион тоннага чейин көбөйүшү мүмкүн. Мажилис биздин өлкө менен Кытайдын ортосундагы транспорт жөнүндө бир катар макулдашууларды ратификациялады. Атап айтканда, документтердин биринде Транскаспий эл аралык транспорттук каттамын өнүктүрүү каралган. Бул коридор боюнча жүк ташуунун көлөмү 2023-жылдын ичинде 65% га, ал эми 2024-жылдын алгачкы айында 14% га өскөн. Контейнердик ташууда да оң динамика байкалууда. Үчтүн айы жана чын куран айларында өсүү көрсөткүчү 70% дан ашты. Ошондой эле келишимде санариптик транспорттук коридор программасын ишке киргизүү жана жүктөрдүн өтүү мөөнөтүн эки эсеге кыскартуу каралган. Мындан тышкары, төмөнкү палатанын депутаттары Кытай менен эл аралык автоунаа ташуу боюнча дагы бир өкмөт аралык келишимди ратификациялашты. Бул көрсөткүч былтыр эки эсеге өстү.
Марат Карабаев, Казакстан Республикасынын Транспорт министри
– Макулдашууда маалыматтык технологияларды киргизүү жана ташуу процессин өркүндөтүү боюнча ченемдер каралган. Алар тараптардын ташуучуларынын эки өлкөнүн аймагына тереңдетүү мүмкүнчүлүгүн карайт. Муну менен казакстандык авто ташуучулар жүк түзүүчү ири шаарларга, ошондой эле Кытайдын эл аралык деңиз портторуна чейин баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Ошону менен бирге, макулдашууга ылайык жүктөрдү ташууга уруксат берүүчү негизде ишке ашырылат. Бул тараптардын ташуучуларынын авто ташууларда катышуусун жөнгө салууга мүмкүндүк берет.
Мажилис Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөттөрү ортосундагы эл аралык айкалышкан жүк ташуу боюнча дагы бир келишимди ратификациялады. Документ транзиттик-транспорттук потенциалды жана соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган. Айта кетсек, Казакстан менен Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы жүк ташуулардын көлөмү 35 млн тоннаны түзүп, жыл ичиндеги өсүш 20% түздү.
Марат Карабаев, Казакстан Республикасынын Транспорт министри
– Макулдашууну кабыл алуу Казакстан аркылуу жүктөрдү транзиттик ташуулардын көлөмүн андан ары жогорулатуу үчүн өбөлгөлөрдү түзөт. Бул өлкөнүн транспорттук-транзиттик потенциалын өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизет. Макулдашуунун ченемдерин ишке ашыруу максатында Түрк мамлекеттер уюмунун ортосунда ташууларды өнүктүрүү боюнча биргелешкен комитет түзүлөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков