Быйыл Астанада аяк оона айынын 8-13 аралыгында Дүйнөлүк
көчмөндөр оюндары өтөт. Ага 85 өлкө катышууга ниеттенүүдө. Анда 3 миңге жакын
спортчу күч сынашса, ал эми талаа оюндарына 100 миңге жакын турист келет деп
күтүлүүдө. Борбордо катталган дипломатиялык корпустун өкүлдөрүнүн айтымында,
бул иш-чара бүтүндөй Борбор Азия аймагында туризмди өнүктүрүүгө чоң салым
кошот. Саякатчылар Казакстандын гана эмес, региондогу башка мамлекеттердин да
маданий жана тарыхый мурастары менен тааныша алат.
Саидикрам
Ниязходжаев, Өзбекстандын Казакстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси:
-Биз
маданий баалуулуктарыбызды, каада-салттарыбызды жана улуттук спорт түрлөрүн
дүйнө элине көрсөтөбүз. Учурда Өзбекстандын өкүлдөрү да иш-чарага катышуу үчүн
иштеп жатабыз. Бул оюндарга биздин Карабайыр күлүктөр катышат. Мындан тышкары, Акалтеке жылкы
породасы болот. Ошондой эле бул иш-чарага Түркмөнстандын жана албетте,
Казакстандын, Кыргызстандын өкүлдөрү катышат.
Эл аралык мелдеште спорттун 21 түрү болот. Дүйнөнүн булуң-бурчунан
келген спортчулар 97 комплект медаль үчүн ат салышат. Дипломаттардын айтымында,
масштабдуу иш-чара жалпы аймактын экономикасынын өсүшүнө жаңы дем берет.
Саидикрам
Ниязходжаев, Өзбекстандын Казакстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси:
-Туризмди
өнүктүрүү менен бирге экономикабыздын 17-18ге жакын тармагы күч алат. Башкача айтканда,
мындай мультипликативдүү таасири болот. Мейманкана бизнесинен баштап кызмат
көрсөтүү тармагы, кол өнөрчүлүктөн тышкары өнөр жай жана айыл чарба тармактары
өнүгөт.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары
катышуучу өлкөлөрдүн ортосундагы достук мамилелерди бекемдейт. Алдыдагы
мелдештерди жайылтууда Казакстандын, Түркиянын, Европанын, Орусиянын, Жакынкы
Чыгыштын жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн массалык маалымат каражаттары маанилүү роль
ойнойт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков