Казакстандын алдыңкы фармацевтикалык өндүрүүчүлөрүнүн бири залалдуу шишикке каршы дары-дармектерди чыгарат. Бул тууралуу Астанадагы IV эл аралык «GLOBAL PHARM» форумунда белгилүү болду. Компаниянын жетекчилиги бул үчүн дагы бир цех ачуу пландалып жатканын белгилейт. Объект алдыдагы бештин айында ишке киргизилет. Долбоор ички рыноктун керектөөлөрүн канааттандырууга, ошондой эле препараттардын чет өлкөлөргө экспорттолушун жогорулатууга мүмкүндүк берет. Эскерте кетсек, буга чейин өлкө президенти фармацевтикалык рыноктогу Ата Мекендик өндүрүштүн үлүшүн 50% га жеткирүүнү тапшырган.
Адам Алексеюк, Фармацевтикалык компаниянын мүдүрү:
– Казакстанды керектүү дары-дармектер менен камсыздайбыз. Биз бул маанилүү ишке өндүрүш катары эмес, максималдуу жоопкерчилик менен мамиле кылабыз. Бизге болгон ишеними үчүн өлкө элине ыраазычылык билдиргим келет. Жаңы дары-дармектерди өндүрүп колдоого ээ болгонуна кубанычтабыз. Президенттин тапшырмасына ылайык, дары-дармек өндүрүшүнүн жарымы жергиликтүү үлүштө болушу керек. Ага жетүү үчүн дагы бир аз жумуш бар. Биз 2029-2030-жылдары бул этапты багындыруу үчүн болгон күчүбүздү жумшайбыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков