Түркестанда эл аралык деңгээлдеги кайык каналы ачылды.
Уникалдуу спорттук комплекс Борбор Азияда аналогу жок. Ал Казакстанда
академиялык кайык спортун өнүктүрүү үчүн таяныч борбору болуп калат. Бул жерде
байдарка жана каноэ менен кайык спорту боюнча спортчулар машыгып, мелдеш
өткөрүшөт. Дүйнө жана Азия кубокторунун этаптары да уюштурулат. Мындан тышкары,
каналдан чыккан суу шаардын ирригациялык системасы жана жашыл зонаны сугаруу
үчүн колдонулат. Белгилей кетсек, долбоор мамлекет башчысынын тапшырмасынын
алкагында ишке ашырылды.
Ербол Мырзабосынов, Туризм жана спорт министри:
- Учурда өлкөдө спорттун бул түрлөрү менен 6 миңден ашуун
адам машыгат. Улуттук курама командада 300дөн ашык спортчу бар. Алар дүйнөлүк
аренада Казакстандын намысын татыктуу коргоп келишет. Жаңы канал аларга жаңы
бийиктиктерди багындырууга, дагы да көп медалдарды алууга мүмкүнчүлүк берет деп
ишенем. Бул объекттин ачылышы шаардын тургундарына да пайда алып келерин өзгөчө
белгилеп кетүү керек.
Нуралхан
Кушеров, Түркестан
облусунун акими:
- Бул
спорттук комплекс Түркестандын
гана эмес, бүткүл өлкөнүн кадыр-баркын көтөрөт. Канал аймакта спорттун
өнүгүшүнө түрткү бербестен, шаардын туристтик дараметин жогорулатууга да чоң
салым кошот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

