Казакстан президенти менен Түркиянын Тышкы иштер министри эки элдин кызматташтыгын талкуулады

Казакстан президенти менен Түркиянын Тышкы иштер министри эки элдин кызматташтыгын талкуулады

Акордада Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан эки өлкөнүн кызматташтыгын талкуулашты. Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын жетинин айында өтө турган Түрк мамлекеттери уюмунун мааракелик саммити тууралуу сөз болду. Жыйынга Түркиянын президенти катышат. Касым-Жомарт Токаев быйыл Түркия Республикасынын түзүлгөндүгүнө 100 жыл толо тургандыгын айтып, бул бир тууган мамлекет үчүн тарыхый окуя экенин баса белгиледи. Өлкө башчы жүз жылдык майрамга карата борбор калаанын көчөлөрүнүн бири «Анадолу» деп аталаарын билдирди. Ошол эле учурда Түркиянын абдан маанилүү стратегиялык өнөктөш экенине көңүл буруп, эки өлкөнүн лидерлеринин жолугушуусунда көптөгөн жогорку деңгээлдеги келишимдер түзүлгөнүн кошумчалады.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

 -Биздин боордош өлкөлөр ортосундагы мамилелер кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүлдү. Түркия Казакстандын төрт негизги соода өнөктөшүнүн бири болуп калды. Өткөн жылы эки тараптуу соода жүгүртүү 54 пайызга өсүп, 6,3 миллиард долларга жетти. Жакын арада бул көрсөткүчтү 10 миллиардга жеткирүүнү макулдаштык. Эки өлкөнүн инвестициялык кызматташтыгы тез өнүгүп жатат. Түркия Казакстандын 10 ири инвесторунун бири. Учурда жалпы баасы 2,8 миллиард доллардан ашык 36 долбоор боюнча иштер жүрүп жатат. Андыктан эки өлкөнүн кызматташтыгынын келечеги кең деп эсептейбиз.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков