Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев Түрк мамлекеттеринин Анкарада өтүп жаткан кезексиз саммитинде билдирди. Мамлекет башчысы эл аралык коомчулуктун Анадолу өлкөсүнө көрсөткөн колдоосун жогору баалай турганын айтып, түрк мамлекеттеринин өкүлдөрүн быйыл Астанада өтө турган ыктыярчылар форумуна чакырды. Касым-Жомарт Токаев Казакстан мындай оор мезгилде гуманитардык чаралардан четте калбай турганын баса белгиледи. Президент түрк өлкөлөрү өзгөчө кырдаалдарда эффективдүү аракеттене алышы керектигине көңүл бурду.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу үчүн күч-аракетти колдонушубуз керек. Түркиядагы жер титирөө ар дайым кырсыкка даяр болуу керектигин көрсөттү. Ошондуктан уюмдун ичинде Өзгөчө кырдаалдар мекемелеринин биргелешкен күчтөрүн түзүүнү сунуштайм. Аны Алматыдагы өзгөчө кырдаалдардын жана катастрофалык жер титирөөлөрдүн коркунучун азайтуу боюнча борбордун базасында ачууга болот. Бул борбор 2016-жылы Казакстан менен Кыргызстандын өкмөттөрү тарабынан түзүлгөн. Менин оюмча, биргелешкен күчтөргө Уюмдун Жарандык коргонуу катчылыгы деген макам берүү туура. Ал кырсыктан жапа чеккен өлкөлөргө жардам көрсөтүү аракеттерин координациялайт. Бул структуранын алкагында эл аралык иш-чаралар уюштурулат. Тактап айтканда, куткаруучулардын жөндөмүн жогорулатуу жана даярдоо курстары өткөрүлөт.
Түрк мамлекеттер уюмунун кезексиз саммитинин жыйынтыгы боюнча 3 документ кабыл алынды. Алар: Түрк мамлекеттер уюмунун кезексиз саммитинин Анкара декларациясы, уюмдун Жарандык коргонуу механизмин түзүү чечими жана Түрк инвестициялык фондун түзүү жөнүндө макулдашуу.
Которгон: Илгиз Жамалбеков