Мамлекет башчысы «QazaqGaz» УК» АК башкарма төрагасы Санжар Жаркешовду кабыл алды

Мамлекет башчысы «QazaqGaz» УК» АК башкарма төрагасы Санжар Жаркешовду кабыл алды

Өзбекстанга газ ташуу көлөмүн көбөйтүү үчүн «Борбор Азия – Борбордук» системасын модернизациялоо боюнча даярдык иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Мамлекет башчысына 9 айдагы иштин жыйынтыгы тууралуу «QazaqGaz» улуттук компаниясынын башкармалыгынын төрагасы билдирди. Санжар Жаркешов белгилегендей, «Алматы – Байсерке – Талгар» газ түтүгүнүн экинчи линиясын куруу, ошондой эле Алматыдагы экинчи жана үчүнчү жылуулук электр борборунун газ инфраструктурасын түзүү иштери аяктады. Мындан тышкары, «Талдыкорган – Үшарал» магистралдык газ түтүгүнүн курулушу башталды.

Санжар Жаркешов,  «QazaqGaz» УК» АК башкарма төрагасы:

- Өлкөдө товардык газды керектөөнүн көбөйүшүнө байланыштуу жана ресурсту сарамжалдуу пайдалануу үчүн бүгүнкү отчетто товардык газ ресурсунун базасын көбөйтүү маселеси талкууланды. Бул багытта «QazaqGaz» улуттук компаниясы олуттуу ийгиликтерге жетишти. Биринчиден, Chevron компаниясы менен Актөбе облусунда жайгашкан КТЗ геологиялык чалгындоо участогуна инвестициялык келишимге кол коюлду. Кэрри каржылоо моделине ылайык, инвестор Геологияга байланыштуу бардык каржылык тобокелдиктерди өзүнө алат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков