Казакстан менен Катар аскердик кызматташуу боюнча макулдашты

Казакстан менен Катар аскердик тармактагы кызматташтыкты кеңейтүүдө. Өткөн жылы Дохада кол коюлган тийиштүү өкмөттөр аралык келишимди республиканын парламенти ратификациялады. Тараптардын макулдашуусунда аскердик техниканы транзиттөө, аба мейкиндигин жана аскердик полигондорду пайдалануу, ошондой эле аскер кызматчыларын тил үйрөтүүгө даярдоону жүргүзүү жаатындагы өнөктөштүк каралган. Мындан тышкары, документте жазылган милдеттенмелердин ичинде купуя маалыматты коргоону камсыз кылуу, бажы жол-жоболоруна байланыштуу маселелерди жөнгө салуу бар. Ошондой эле өлкөлөр тынчтыкты жана күжүрмөн даярдыкты колдоого байланыштуу операциялар боюнча өз ара консультацияларды өткөрүшөт. Бул ишти координациялоо үчүн биргелешкен жумушчу топту түзүү каралган. Айта кетсек, азырынча макулдашууга тараптар 5 жылга кол коюшту, андан кийин тараптардын бири буга тоскоолдук кылбаса, ошол эле мөөнөткө автоматтык түрдө узартылат.

Андрей Лукин, Парламент Сенатынын депутаты:

- Келишимде аскердик билим берүү, медицина, илим жана аскердик даярдыкты камтыган кызматташтыктын кеңири спектри каралган. Ошондой эле, ал биргелешкен машыгууларды өткөрүү жана тажрыйба алмашуу үчүн платформаны түзөт, бул тараптарга Куралдуу Күчтөрдүн кесиптик даярдыгынын деңгээлин олуттуу жогорулатууга мүмкүндүк берет. Тынчтыкты сактоо боюнча консультациялар алардын тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча глобалдык аракеттерге берилгендигин баса белгилейт. Макулдашууну ратификациялоо Казакстан Республикасы менен Катар мамлекетинин эки тараптуу байланыштарын чыңдоо жолундагы кезектеги кадам болуп саналат. Бул коргоо жаатында өз ара аракеттенүү үчүн жаңы келечектери ачып, мамлекеттердин эл аралык аренадагы позициясын бекемдейт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков