К. Токаев «өндүрүүчү тармактардын ачыктыгы демилгеси» уюмунун башчысын кабыл алды

К. Токаев «өндүрүүчү тармактардын ачыктыгы демилгеси» уюмунун башчысын кабыл алды

Казакстанда интерактивдүү карта жана 50 миңден ашык геологиялык эсептерди камтыган жер казынасын пайдалануунун бирдиктүү платформасы ишке киргизилди. Ошондой эле, өлкөдө чалгындоо жана өндүрүү үчүн ишкердик лицензия алуу тартиби жөнөкөйлөтүлдү. Мындан тышкары, тармакты өнүктүрүүнүн комплекстүү планы кабыл алынды. Касым-Жомарт Токаев «кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгеси» уюму башкармалыгынын төрагасы менен болгон жолугушууда геологиялык чалгындоо жана кен казуу жаатындагы жөнгө салуу чаралары тууралуу айтып берди. Президент Хелен Кларк менен болгон маегинде Казакстан аталган уюмдун стандарттарын сактоого берилгендигин көрсөтүп жатканын белгиледи. Өлкөдө уюмдун талаптарын сактоо милдеттенмелери жана бюджетке которулуучу салыктар жана башка төлөмдөр боюнча жер казынасын пайдалануучулардын эсеби  мыйзамдык деңгээлде бекитилген.  Хелен Кларк өз кезегинде уюмдун алдыдагы мезгилге карата стратегиялык планы жана артыкчылыктуу багыттары менен бөлүшүп, көрүлүп жаткан чараларды жогору баалады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков