Мамлекет башчы Өзбекстандын президентинин жардамчысы Саида Мирзиёеваны кабыл алды. Жолугушууда эки өлкөнүн көп тараптуу өнөктөштүгүн мындан ары өнүктүрүүгө байланышкан актуалдуу маселелер талкууланды. Касым-Жомарт Токаев Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы союздаштык жана стратегиялык мамилелерди белгилеп, жогорку деңгээлдеги саясий диалогдун натыйжалуулугун арттыруу үчүн эки өлкөнүн президенттеринин администрацияларынын ортосунда тыгыз байланыш түзүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Президент «Заковат» эл аралык интеллектуалдык оюнун Астанада өткөрүүнү колдой турганын билдирип, мындай иш-чаралар элдерди жакындаштырарын баса белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков