Бүгүн Астанада жасалма
интеллектти өнүктүрүү боюнча кеңештин биринчи жыйыны болуп өттү. Аны
Казакстандын Президенти ачты. Бул мамлекет башчысынын аталган
тармакка
канчалык маани берерин далилдейт, анткени бүгүнкү күндө жасалма интеллектти
өнүктүрбөстөн глобалдык атаандаштыкка туруштук берүү мүмкүн эмес. Касым-Жомарт
Токаев санариптик системалар жана нейрон тармактары суверенитеттин эң маанилүү
шарты жана экономикалык өсүштүн кыймылдаткыч күчү болуп калганын дагы бир жолу
баса белгиледи. Ошол эле учурда AI технологияларын өнүктүрүүнү билим берүүгө да
киргизүү зарыл. Ал эми жогорку дасыккан IT адистерин даярдоо үчүн, биринчи кезекте
өлкөдө жасалма интеллект жаатындагы адистештирилген изилдөө университетин түзүү
керек.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Окуу
жайга өзгөчө макам ыйгаруу керек. Бул ишке өнөктөш катары дүйнөнүн мыкты
жогорку окуу жайларын тартуу да маанилүү. Өкмөткө жылдын аягына чейин
конкреттүү сунуштарды даярдоону тапшырамын. Казакстанга мындай профилдеги жаңы
университет эмне үчүн керек деген суроо туулушу мүмкүн. Негизги максат –
экономиканын бардык тармактарына жасалма интеллект технологияларын киргизген тажрыйбалуу
адистерди
даярдоо. Изилдөө университети илимдин, билим берүүнүн, инновациялардын жана эл
аралык коммуникациялардын борбору катары иштеши керек.
Ал
ортодо, бүгүнкү күндө Казакстанда 79 жогорку окуу жайында 63 миңден ашуун
студент IT адистиктери боюнча билим алышууда. Ушул жылдан баштап өлкөдө AI-Sana
программасы ишке кирди. Анын аркасында 400 миңден ашуун жаш казакстандык
жасалма интеллект жаатында атайын сертификаттарга ээ болушту. Мындан тышкары,
жогорку окуу жайларында AI боюнча илимий-изилдөө борборлору иштеп жатат. Бирок
бул жетишсиз, Мамлекет башчысы бүгүн билим берүү системасына жасалма
интеллектти кеңири киргизүү тууралуу
сөз кылды. Бул жерде
биринчи орунга Персоналдаштырылган окутуу чыгышы керек.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Жасалма
интеллектке негизделген билим берүү системасы ар бир окуучунун жөндөмүн эске
алуу менен жеке окуу программаларын иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. Мындай ыкма
жаштардын дараметин ачууга жана окууга болгон мотивациясын
жогорулатууга жардам берет. Бул тармакта ийгиликтүү эл аралык тажрыйба бар.
АКШда DreamBox жана Knewton сыяктуу платформалар математика курстарын ар бир
окуучуга ылайыкташтырат, ал эми Түштүк Кореяда жасалма интеллект тилдерди
үйрөнүүдө колдонулат. Казакстан үчүн мындай ыкмаларды колдонуу өзгөчө маанилүү.
Касым-Жомарт Токаев Өкмөткө окуучулардын улуттук
санариптик профилдер системасын түзүүнү тапшырды. Ал Жаңы жасалма интеллект университети менен
интеграцияланат. Система студенттердин кызыгуусун жана жөндөмдүүлүгүн алдын ала
аныктоого жардам берет. Санариптик чечимдердин өнүгүшү менен адистиктер да
өзгөрөт. Ошондуктан Президент азыртадан эле жумушчуларды кайра даярдоо үчүн
жасалма интеллектке негизделген платформаны ишке киргизүүнү тапшырды.
Касым-Жомарт Токаев баса белгилеген эң негизгиси. Жаңы технологиялар жаңы
чакырыктарды алып келет. Ошондуктан Өкмөт мамлекеттик стандарттарга жооп берген
контентти түзүүгө мүмкүндүк берген улуттук билим берүү платформасын иштеп
чыгышы керек. Ал эми жыйындан кийин Мамлекет башчысы санариптик чечимдердин
көргөзмөсүнө барды. Бул жерде жасалма интеллект тармагындагы өз долбоорлорун
алдыңкы ата мекендик компаниялар сунушташты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

