Казакстан Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна
тынчсызданууда. Касым-Жомарт Токаев БАЭ, Сауд Арабиясы, Катар, Бахрейн, Кувейт
мамлекеттеринин башчыларына жана Иорданиянын королуна жеке каттарды жөнөттү. Бул
тууралуу президенттин кеңешчиси жана маалымат катчысы Айбек Смадияров билдирди. Казакстандын
президенти аталган мамлекеттердин элине чын дилинен колдоо жана тилектештик
билдирип, Казакстан үчүн достук жана боордош мамлекеттердин эгемендүүлүгүнө,
коопсуздугуна шек келтирген бардык аскерий аракеттерди чечкиндүү түрдө
айыптады. Касым-Жомарт Токаев өлкө бардык татаал эл аралык маселелерди жана
куралдуу кагылышууларды дипломатиялык жол менен гана чечүүнү колдой турганын
баса белгиледи. Мамлекет башчысы Казакстан боордош араб өлкөлөрүнө колунан
келген жардамды берүүгө даяр экенин билдирип, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды
Катардын Эмири менен телефон аркылуу сүйлөштү. Шейх Тамим бен Хамад Аль Тани
Казакстанга туруктуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, анын өлкөсү эки
тараптуу мамилелерди чыңдоого умтуларын ырастады. Ал эми БАЭнин президенти шейх
Мухаммед бен Заид Аль Нахаян менен болгон телефондук сүйлөшүүдө Казакстандын
президенти бул өлкөнүн элине колдоо жана тилектештик сөздөрүн айтты. Казакстандын
президенти БАЭге жасалган аскерий чабуулдун натыйжасында жарандык
инфраструктура жабыркаганына өкүнүчүн билдирип, эгер зарыл болсо, республика
колунан келген жардамды берүүгө даяр экенин баса белгиледи. Өз кезегинде БАЭнин
башчысы Казакстандын колдоосун жогору баалады. Касым-Жомарт Токаев ошондой эле
Бахрейндин Королу менен телефон аркылуу сүйлөштү. Казакстандын Президенти өлкө
элине колдоо көрсөтүп, жарандык инфраструктурага жасалган ракеталык чабуулдарга
тынчсыздануусун айтып, Казакстан кырдаалды жөнгө салууну жана чыр-чатакты
тынчтык жолу менен дипломатиялык жол аркылуу чечүүнү колдой турганын баса
белгиледи. Хамад бен Иса Ал Халифа колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, өлкө
менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экенин ырастады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

