Казакстандын мунай өнөр жайына 125 жыл. Буга байланыштуу мамлекет башчы тармактын кызматкерлерин куттуктады. Кара алтын биринчи жолу Атырау облусунда өндүрүлдү. Азыр бул тармакта 250 миңге жакын адам иштейт. Мунай-газ тармагы заманга жараша өнүгүп келе жатат. Өндүрүшкө инновациялык технологиялар киргизилүүдө. Айлана-чөйрөнү коргоонун жаңы стандарттары калыптанды. Мунай өндүрүү менен катар, аны кайра иштетүү жумушу жолго коюлган. Негизги күйүүчү майдын жана мунай өнүмдөрүнүн басымдуу бөлүгү өлкөдөн чыгат деп белгиледи мамлекет башчы. Касым-Жомарт Токаев дүйнөнүн алдыңкы мунай-газ корпорацияларынын өнөр жайды өнүктүрүүгө кошкон салымын жогору баалады. Теңиз, Кашаган, Карашыганак кендерин иштетүү, Каспий куур консорциумунун долбоорун ишке ашыруу мамлекет менен инвесторлордун өз ара пайдалуу кызматташтыгынын жаркын мисалы болуп саналат. Президент ошондой эле келечекте бул тармакта аткарыла турган бир катар милдеттерге токтолду.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Илимий-техникалык прогресс дүйнөлүк мунай-газ тармагын өнүктүрүүдө өзгөчө роль ойнойт. Мунай өндүрүү көлөмү туруктуу өсүү үчүн геологиялык чалгындоо жана кен жайларын өздөштүрүүдө алдыңкы технологияны жигердүү киргизүү зарыл. Мурда болуп көрбөгөндөй эл аралык туруксуздуктун шарттарында экспорттук багыттарды андан ары ар тараптандыруу - башкы милдет болуп саналат. Мунайды кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү маанилүү. Заманбап экологиялык стандарттарга ылайык мунай өнүмдөрүн туруктуу өндүрүүнү камсыз кылуу зарыл. Мунай- газ химиясынын да келечеги зор.
Которгон: Илгиз Жамалбеков