Туризмге 4 миллиард доллар инвестиция тартылды

Туризмге 4 миллиард доллар инвестиция тартылды

Акыркы 3 жылда Казакстандын туризм тармагына 4 миллиард доллар инвестиция тартылды. Республикада 400дөн ашык жаңы объект курулду. Үстүбүздөгү жылдын 9 айында 405 миллиард теңгеге жакын инвестиция салынды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 44%га көп. Аймактар ​​боюнча эң көп өсүш Түндүк Казакстан, Павлодар, Актөбе жана Алматы облустарында катталды. Мындай колдоонун натыйжасында туризм тармагын өнүктүрүү күч алды. Биринчи жарым жылдыкта саякатчыларды жана эс алуучуларды жайгаштыруу мекемелеринен 100 миллиард теңгеге жакын киреше түштү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30 миллиард теңгеге көп.


 

Которгон: Илгиз Жамалбеков