Түркестан облусунда шамал жана күндөн электр станцияларын куруу пландалууда.Жакында Кытай менен эки чоң долбоор боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол коюлду. Бул тууралуу тиешелүү министрлик билдирди. Учурда өлкөдө ири эл аралык компаниянын катышуусунда эки шамал электр станциясы курулуп жатат. Бул демилге өндүрүлгөн таза энергиянын 30%ын сактоо системасын камсыз кылат.Учурда Казакстанда жалпы кубаттуулугу 3 ГВттан ашык энергиянын кайра жаралуучу булактарынын 156 объекти иштеп жатат. Инвесторлорду тандоо боюнча аукциондук соода-сатык механизминин алкагында ишке ашыруунун ар кандай баскычтарында 91 долбоор бар. Максаты – экологиялык жактан таза энергия булактарынын үлүшүн көбөйтүү.
Сунгат Есимханов, Казакстандын Энергетика министринин орун басары:
- Бул көрсөткүч 2025-жылы
6%, 2030-жылы 15% болушу керек. Бирок 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча биз бул
көрсөткүчкө жеттик. Өткөн жылы кайра жаралуучу энергия булактарынан 7,5 млрд
кВт/саат өндүрдүк. Бул жалпы өндүрүлгөн энергия булактарынын 6,4%ын түзөт. Бүгүн бизде
болгону 6 айдын жыйынтыгы бар. Бул көрсөткүчтү былтыркыга салыштырмалуу
12-13%га жогорулатып жатабыз.
Которгон: Назира
Бегалиева

