Казакстанда
Digital
Nomad Residency – дүйнөлүк IT таланттарды тартуу үчүн визанын жаңы түрү ишке
киргизилди. Пилоттук долбоор маалыматтык технологиялар тармагында иштеген чет
элдик адистерди тартуу менен гана чектелбестен, өлкөдө туруктуу
жашоого уруксат алуу мүмкүнчүлүгүн да берет. Чет элдик IT адис Astana
Hub порталына арыз бере алат. Аны кароонун мөөнөтү 45 календардык күндү түзөт.
Андан кийин талапкер Казакстанда каттоодон өтө алат.
Талгат Маратов, «Astana hub» катышуучуларын колдоо
кеңсесинин мүдүрү:
- Казакстанда башталган Digital Nomad жана Digital Nomad Residence визалары азыркы виза нускаларынан түп-тамыры менен айырмаланат. Алар талап кылынган IT кесиптерге гана багытталган. Эң негизгиси, суроо-талапка ээ болгон кесиптердин тизмесине ылайык, бул IT-кесиптердин тизмеси чектелген. Ошондуктан, бул IT кесиптерге көбүрөөк көңүл бурулуп, чет элдик дагы, жергиликтүү дагы компаниялар үчүн аралыктан иштөө мүмкүнчүлүгү бар. Бул IT адистерине, Digital Nomad электрондук визасын алгандан кийин Казакстанга келүүгө мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

