Жыл башынан бери Казакстан менен Грузиянын ортосундагы
товар жүгүртүү 75 миллион доллардан ашты. Бул өткөн жылга салыштырмалуу үчтөн
бирге ашык өстү. Өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты премьер-министр Олжас
Бектенов жана Грузиянын экономика жана туруктуу өнүгүү министри Мариам
Кври-виш-вили талкуулашты. Тараптар сооданы жана инвестицияны өнүктүрүүгө,
инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга жана транспорттук-логистикалык
байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Атап айтканда, Транскаспий эл
аралык транспорттук маршрутунун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу. Өлкөлөрдүн транзиттик
дараметин өнүктүрүүдөгү маанилүү этап Поти портунда жаңы казакстандык
контейнердик терминалдын ишке кириши болду. Бул Грузиянын негизги деңиз
хабдарынын биринде ишке ашырылган биринчи атамекендик инфраструктуралык
долбоор. Өлкөнүн премьер-министри белгилегендей, бул объект Транскаспий
маршруту боюнча жүк ташуунун көлөмүн көбөйтүүдө маанилүү роль ойнойт. Тараптар
ошондой эле казакстандык айыл чарба өнүмдөрүн – дан, ун, эт-сүт жана кондитердик
азыктарды – Грузия рыногуна жеткирүүнү көбөйтүү маселесин талкуулашты. Мариам
Кври-виш-вили Казакстан менен соода, туризм жана логистикалык инфраструктура
тармактарында өнөктөштүктү кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

