Касым-Жомарт Токаевдин Акмола облусуна болгон иш сапары Косшадагы бир жарым миң орундуу мектеп-гимназияга баруу менен башталды. Окуу жай жаңы райондо жайгашкан. Жеке инвестицияга жана «ыңгайлуу мектеп» улуттук долбоорунун стандарттарына ылайык курулган. Анда информатика, химия, физика, биология, технология, робототехника, мобилография, виртуалдык унаа айдоо, чет тилдер, жыйындар жана спорт залдары бар. «Тарбиялоонун бирдиктүү программасынын» алкагында бул жерде шахмат боюнча спорттук секциялар жана ийримдер акысыз иштейт. Мамлекет башчы мугалимдер жана окуучулар менен баарлашып, аларга жаңы окуу жылында ийгиликтерди каалады. Белектерсиз болбойт. Президент «Ата жөнүндө сөз» китебин жана ата мекендик өндүрүштөгү мектеп автобусун белекке берди.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Казакстан алдыңкы өлкө болуусу үчүн робототехника сыяктуу маанилүү багыттарды изилдөө керек. Бул билим ар дайым талап кылынат. Жаш муун билим алууга умтулушу керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков