Бүгүн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча негизги көрсөткүчтөр мамлекет башчысына сунушталды. Президент телефон аркылуу Атырау, Жамбыл, Мангыстау облустарынын жана Улытау облусунун акимдеринин баяндамаларын укту. Касым-Жомарт Токаев аймактарды өнүктүрүү жаңы ыкмаларды талап кылаарын белгилеп, акимдерге облустардын экономикалык дараметин чыңдоого багытталган конкреттүү чараларды көрүүнү, ошондой эле социалдык инфраструктура объекттерин курууну тездетүүнү жана «Таза Казакстан» демилгесинин алкагында масштабдуу ишти улантууну тапшырды. Президент келип чыккан суроолорго өз убагында жооп берүү үчүн жарандар менен тынымсыз байланышта болуунун зарылдыгын баса белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

