Казакстан менен
Түркия эки өлкөнүн аба мейкиндиги аркылуу аскердик мүлктү жана персоналды
транзит менен ташууга макулдашты. Тиешелүү келишимди бүгүн Казакстан
парламентинин Мажилиси ратификациялады. Документ мындай ташууларды жүзөгө
ашыруу тартибин, анын ичинде уруксат берүү жана учууларды координациялоо
механизмдерин жөнгө салат. Келишим тараптардын өз ара аракеттенүүсүн
жеңилдетип, аба аркылуу ташуулардын ыкчамдуулугун жогорулатып, өлкөлөрдүн
коопсуздук жаатындагы кызматташтыгын күчөтөт деп күтүлүүдө.
Аскар Мустабеков, Коргоо
министринин орун басары:
– Мында, ар бир
мамлекет транзитке кандайдыр бир уруксат берүү жөнүндө суроо-талаптан баш
тартууга, эгерде тараптардын бири аскердик мүлк жана персоналдын суралып жаткан
транзити ушул макулдашуунун жоболоруна ылайык келбейт же улуттук коопсуздукка
коркунуч келтирет деп эсептесе, берилген уруксаттын колдонулушун токтото
турууга же кайтарып алууга укуктуу.
Мамлекеттик
кызматка кадрлар санарип форматта тандалып алынат
Ошондой эле Мажилис
мамлекеттик кызмат системасын модернизациялоого багытталган жаңы редакциядагы
мыйзамды экинчи окууда кабыл алды. Түзөтүүлөрдүн алкагында мамлекеттик кызматка
тандоо санарип форматта – «Е-кызмет» системасы аркылуу өтөт, бул
процедуралардын ачык-айкындуулугун жогорулатат. Мындан тышкары, мамлекет
башчысынын тапшырмасынын алкагында иштелип чыккан документте мамлекеттик
кызматкерлерге карата жаңы талаптар бекитилген. Алардын арасында – патриотизм,
профессионализм, ачыктык жана кемчиликсиз репутация. Ошондой эле мыйзамда
кызматтын тартымдуулугун жогорулатуу боюнча чаралар, атап айтканда – айлык
акыны индексациялоо, компенсациялар жана социалдык кепилдиктер каралган. Мындан
тышкары, мамлекеттик кызматка кирүүгө даярдоо институту киргизилип жатат.
Марат Башимов, Парламент
мажилисинин депутаты:
– Мыйзам долбоорунун жоболорун Казакстан Республикасынын жаңыланган
конституциясына ылайык келтирүүгө байланыштуу өзүнчө түзөтүүлөр блогу бар. Бул иштер укуктук системанын ырааттуулугун жана конституциялык
ченемдердин үстөмдүгүн камсыз кылгандыктан, принципиалдуу мааниге ээ. Мыйзам
долбоорунун жоболорун ишке ашыруу мамлекеттик аппараттын кесипкөйлүгүн
жогорулатууга, мамлекеттик башкаруунун сапатын жакшыртууга жана коомдун
мамлекеттик институттарга болгон ишенимин бекемдөөгө мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

