Казакстан менен Сингапур жогорку билим берүү тармагында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Келишимге ылайык, келечекте казакстандык изилдөөчүлөр жана окумуштуулар бул өлкөдө билим алууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул динамика бир катар башка документтердин кабыл алынышы, анын ичинде Наньян технологиялык университети менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу менен уланууда. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев Казакстан-Сингапур ректорлор форумунда билдирди. Белгилей кетсек, ушул күнгө чейин 72 мекендеш «Болашак» программасы боюнча Сингапурда билим алышкан. Аталган программа ишке ашырылгандан бери 12 миңден ашык казакстандык студенттер дүйнөнүн эң мыкты университеттеринде билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
– Көптөгөн казакстандык студенттер сиздердин кереметтүү өлкөдө тажрыйба алмашууга жана билим алууга мүмкүнчүлүк алышат деп ишенем. Жыл сайын биз 500 илимий стипендия бөлөбүз. Казак окумуштууларынын Сингапурга көп келишин каалайбыз. Билим жана илим прогресстин жана инновациянын негизи. Ушул багыттарга басым жасап, өлкөбүздүн келечегине инвестиция салабыз. Сингапур менен өнөктөштүк эл аралык кызматташтык өнүгүүгө өбөлгө түзөөрүн жана биздин элдер үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзө аларын көрсөтүп турат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков