Жазгы күн менен түндүн теңелүү майрамы Өзбекстанда да кеңири белгиленүүдө. Майрам
алдында бүткүл элдик «хашар» же «ашар» өтөт. Бул Борбор Азия элдеринин илгертен
калыптанган жамааттык акысыз жардам көрсөтүү салты. Бүткүл өлкө боюнча үйлөр
менен көчөлөр иретке келтирилет, гүлдөр менен дарактар отургузулат, ыйык жерлер
көрктөндүрүлөт. Ал эми Нооруз майрамынын алдында жаратылыштын жаңылануусун,
улуттук мурасты жана эл биримдигин көрсөткөн фестивалдар уюштурулат.
Адхам Сухробов, Хавас районунун акимчилигинин жасалма интеллект жана
санариптештирүү маселелери боюнча кеңешчиси:
– Биз бүткүл дүйнөдө, анын ичинде биздин өлкөдө да
бардык тармактарды жакшыртуу үчүн санариптештирүү жана жасалма интеллект
мүмкүнчүлүктөрү кеңири пайдаланылып жатканын билебиз. Ноорузду Өзбекстандын «улуттук
паспорту» деп атоого болот. Жөнөкөй мисал: эгер адамдар Нооруз учурунда баарлашса, алар
бири-бирине таарынычтарын кечирип, сүмөлөк майрамын өткөрүшөт. Сүмөлөк - бул
жөнөкөй тамак эмес, ал биримдиктин символу. Ошондой эле, Нооруз - бардык
элдерди жана улуттарды бириктирген майрам экенин белгилеп кетүү керек.
Ошондой эле, Нооруз майрамында улуттук кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрү жана
салттуу тамак - май менен ун кошуп көктөп өсө баштаган буудай дандарынан
жасалган «сүмөлөк» даярдалды. Фестивалда музыкалык топтор өнөр көрсөтүп,
улуттук спорт түрлөрүнөн мелдеш уюштурулат. Аксакалдар улуттук оюндардын жаштар
үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин айтышат, алар дене түзүлүшүн чыңдап гана тим
болбостон, жакшы сапаттарга тарбиялайт. Асманга батперектер учуруу майрамга
өзгөчө маанай тартуулады.
Азиз Раджабий, «Маърифат» насаатчылар бирикмесинин
мүчөсү:
– Көрүп турганыбыздай, бул жерде майрамдык маанай өкүм сүрүүдө! Демек, бул баалуулук эч качан эскирбейт. Канча убакыт өтсө да, ал ошол бойдон калат. Элибизди Нооруз майрамы менен куттуктайм!
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

