Казакстан
кайра иштетүү өнөр жайындагы позициясын бекемдөөдө. Өткөн жылы сектордун ИДӨгү үлүшү биринчи жолу
тоо-кен казып алуу тармагынан ашып, дээрлик 12,5%ке жетти. 2025-жылдын тогуз
айында кайра иштетүү өнөр жайындагы өндүрүш көлөмү 6%дан ашык өсүп, дээрлик
21,5 триллион теңгени түздү. Негизги кыймылдаткыч – унаа жасоо, ал жерде темп дээрлик
10%га жогорулады. Тармакты өнүктүрүү боюнча пландар чоң. Быйыл өлкөдө 149 миң
автоунаа чыгаруу пландаштырылууда, жаңы ишканалар ишке киргизилди - Алматыда
кытай автоунааларынын бир катар маркаларын чыгаруучу завод ачылды, ал эми
жылдын аягына чейин популярдуу түштүк кореялык автоунаа маркасын чыгаруу
башталат. Тоо-кен металлургия секторунда өлкө бериллий, тантал, ниобий жана
рений өндүрүү боюнча алдыңкы позициясын сактап, ошондой эле дүйнөлүк рынокто
титан жана скандий жеткирүүчүлөрдүн бири болуп саналат. Өзгөчө басым - тармакты
санариптештирүүгө жана жасалма интеллект технологияларын киргизүүгө жасалууда.
Рахымжан Исакулов, Өнөр
жай жана курулуш министринин орун басары:
- Ушул жылдын үчтүн айынан баштап геология
жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү 22 мамлекеттик кызмат
автоматташтырылган жер казынасын пайдалануунун бирдиктүү платформасы ишке
киргизилди. Үч жылдын ичинде аянты 100 миң чарчы км болгон аймактын жер
кыртышынын заманбап геологиялык карталарын изилдөөнү жана түзүүнү
пландаштыруудабыз. Аталган аймакты изилдөө, чөкмө бассейндерин сейсмологиялык
чалгындоо жана геологиялык инфраструктураны түзүү үчүн 240 миллиард тегерегинде
каражат резервге коюлду.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

