Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюму Евразия мейкиндигинде тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуучу негизги түзүмдөрдүн бири болуп калды. Ал ар дайым бардык мүчө өлкөлөр үчүн коопсуздуктун кепилдиги катары зарылдыгын көрсөтүп турат. Бул тууралуу Казакстан Президенти чакан курамдагы Жамааттык Коопсуздук кеңешинин сессиясында билдирди. Жыйынга Беларусь, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан мамлекеттеринин башчылары катышты.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Биздин ырааттуу иш-аракеттерибиз, өз ара ишеним жана колдоо эң татаал жана масштабдуу маселелерди чечүү үчүн жамааттык жөндөмүбүздү бекемдейт. Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюму – бул жөн гана аскердик өнөктөштүк эмес, мамлекеттерибиздин эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн коргоо максатында биздин күч-аракеттерибизди жана ресурстарыбызды бириктирген уникалдуу механизм экендигин белгилей кетүү керек.
Иш-чаранын жүрүшүндө эл аралык жана регионалдык коопсуздуктун актуалдуу көйгөйлөрү талкууланды. Мындан тышкары, Казакстандын ЖККУ төрагалыгынын жыйынтыгы чыгарылды. Алсак, өлкө өз күч-аракетин катышуучу мамлекеттердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө багыттады. Бул убакыттын ичинде каатчылык кырдаалдарга ыкчам чара көрүү жана терроризм, кибер-чабуулдар, трансулуттук кылмыштуулук жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү сыяктуу азыркы замандын глобалдуу чакырыктарына каршы туруу механизмдери такталган.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Уставдык органдардын жыйындары, аскердик машыгуулар жана ЖККУнун профилактикалык операциялары пландуу тартипте өткөрүлдү. Жамааттык коопсуздуктун актуалдуу маселелери тышкы иштер жана коргоо министрлери тарабынан каралды. Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жана парламент жетекчилеринин деңгээлинде жолугушуулар болуп өттү. Уюмдун көмөкчү жана жумушчу органдарынын кеңешмелери өткөрүлүп, ЖККУнун ишмердүүлүгүнүн ар кандай багыттары боюнча консультациялардын сериясы өткөрүлдү. Сессиялар аралык мезгилде бир катар маанилүү документтер кабыл алынды. Алар коргонуу чөйрөсүндөгү эл аралык өз ара аракеттенүү, ошондой эле жамааттык коопсуздуктун актуалдуу чакырыктарына жана коркунучтарына каршы аракеттенүү маселелерин камтыйт.
Кеңейтилген отурумда Касым-Жомарт Токаев өлкө лидерлери эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча позицияларын дагы бир жолу такташканын баса белгиледи. Жолугушуунун жыйынтыгы өлкөлөрдүн жамааттык коопсуздукка чакырыктарды жана коркунучтарды алдын алуу үчүн биргелешип аракеттенүүгө даярдыгын дагы бир жолу тастыктады. Ал эми ЖККУнун мындан аркы өнүгүүсү боюнча көз караштар эми Жамааттык Коопсуздук Кеңешинин декларациясында чагылдырылат. Ал Казакстандын демилгеси менен иштелип чыкты. Жалпысынан тараптар 14 документке кол коюшту, алардын арасында ЖККУнун тажик - ооган чек арасын бекемдөө боюнча мамлекеттер аралык программасы бар. Белгилей кетсек, келерки жылы уюмга Кыргызстан төрагалык кылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков.

