ЕККУ төрагасы: Казакстандагы саясий реформанын масштабы зор

ЕККУ төрагасы: Казакстандагы саясий реформанын масштабы зор

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун башчысы Казакстандын саясий реформаларын масштабдуу деп атады. Алдыда боло турган референдум мунун айкын далили. Эске сала кетсек, Збигнев Рау Казакстанда расмий иш сапары менен жүрөт. Казакстандык тараптын өкүлдөрү менен жолугушууда эл аралык күн тартибиндеги маселелер, геосаясий чыңалуу шартында аймактагы ишенимди жана коопсуздукту калыбына келтирүү чаралары талкууланды.

Збигнев Рау, ЕККУ төрагасы:

- Казакстандын президенти жарыялаган реформанын күн тартиби бардык этаптарында адам укуктарын, институтционалдуу жоопкерчиликти, укуктарды жана эркиндиктерди коргоону жакшыртууну чагылдырат. Мунун баары Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун принциптерине шайкеш келет. Эң жаркын мисалы катары конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр, ага жарандар референдумда добуш бере алат. Эң негизгиси  өкмөт иштеш керек. Чечимдерди кабыл алуу үчүн жарандарга жоопкерчиликти берүү идеясы абдан маанилүү.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков