ИКУ өлкөлөрү Газадагы кырдааалга тынчсызданууда

Казакстан Ислам Кызматташтык Уюмуна кирген өлкөлөр менен толук тилектеш жана Газа секторундагы согуштук аракеттерди тез арада токтотууга чакырат. Бул тууралуу Премьер-министрдин орун басары, Тышкы иштер министри Палестина маселеси боюнча Араб мамлекеттеринин лигасы жана Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз биргелешкен саммитинде билдирди. Мурат Нуртилеу Казакстандын палестиналыктардын өз тагдырын өзү чечүүгө жана борбору Чыгыш Иерусалимде жайгашкан 1967-жылы эл аралык деңгээлде таанылган Палестина мамлекетин түзүүгө мыйзамдуу укуктарын толугу менен колдой турганын белгиледи. Ошондой эле, ал Жакынкы Чыгыш каатчылыгын жөнгө салуу БУУнун Коопсуздук Кеңеши бекиткен «эки эл үчүн эки мамлекет» формуласынын негизинде гана мүмкүн экендигин кошумчалады. Саммиттин жыйынтыгы боюнча катышуучулар Газа сектору Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги Палестина аймактарынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат деген резолюция кабыл алышты.

Мурат Нуртилеу, Премьер-министрдин орун басары, Тышкы иштер министри:
- Биз палестиналыктардын өз тагдырын өзү чечүүгө жана эл аралык деңгээлде таанылган Палестина мамлекетин түзүүдө мыйзамдуу укуктарын толук колдойбуз. Тилекке каршы, жай тургундар, анын ичинде көп балдар, аялдар менен карылар жаңжалдын бейкүнөө курмандыктарына айланды. Жай тургундардын коопсуздугу – башкы артыкчылык бойдон кала берет. Бул тууралуу мен жакында Израилдин тышкы иштер министри менен болгон телефон сүйлөшүүсүндө да айттым. Ошондой эле, ок атышууну тез арада токтотууга жана бардык тараптарды бул жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүгө умтулууга чакырдым. Казакстан бардык эл аралык жана гуманитардык уюмдарды Газа секторундагы азыркы өтө татаал кырдаалга катышууга чакырат.

 

Которгон: Илгиз Жамлабеков