Казакстан Ооганстанга куткаруучулар менен гуманитардык жардам жиберет. Бул боюнча мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев атайын тапшырма берди. Ошентип Ооганстандын батышындагы жер титирөөдөн жабыркагандарга тамак-аш, дары-дармек, чатырлар, кийим-кече жана башка керектүү буюмдар жеткирилет. Жардам жакын арада аба жана темир жол аркылуу жөнөтүлөт. Ал эми жер астында калган адамдарды ажалдан аман алып калуу үчүн куткаруучулар жана кинологдор да аттанышат. Эске сала кетсек, тогуздун айынын 7де Герат провинциясында бир нече ирет жер титирөө болду. Анда күчү 6,3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Азыркы учурдагы маалыматтарга караганда, 2500дөн ашуун адам набыт болуп, миңге жакын имарат жана объектилер талкаланды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков