Мамлекет башчы Хорватия Республикасынын Президентин жана элин Мамлекеттүүлүк күнү менен куттуктады. Касым-Жомарт Токаев телеграммасында Хорватия бүгүнкү күндө Европа Биримдигинин активдүү мүчөсү катары олуттуу ийгиликтерге жетишкенин баса белгиледи. Астана менен Загребдин ортосундагы кызматташтык чөйрөсү жылдан жылга кеңейип жатканын баса белгилеп, ар түрдүү тармактарда алакалардын бекемделишине ишенимин билдирди. Мамлекет башчы Хорватиянын президентинин жооптуу кызматында ийгиликтерди, ал эми хорват элине кут-береке каалады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков