Астанада «E-LIGHT» эл аралык фестивалы өттү

Астанада «E-LIGHT» эл аралык фестивалы өттү

Казакстан менен Кытай жаштар аркылуу диалогду күчөтүүдө. Астанада Кытайдын Улуттук мунайзат-газ корпорациясынын долбоору болгон E-LIGHT форуму өттү. Ага серепчилер, энергетика тармагынын өкүлдөрү, дипломаттар, жаш адистер сыяктуу 100гө жакын делегат катышты. Алар Борбор Азия өлкөлөрү менен Кытайдын ортосундагы Энергетикалык Жибек жолунун келечегин, экономикага санариптик чечимдерди киргизүүнү, ошондой эле жаштардын кесиптик өнүгүү маселелерин талкуулашты. Уюштуруучулар белгилегендей, дал ушул жаш инженерлер жана ишкерлер технологиялык жаңыртуу жана эл аралык өз ара аракеттенүү процессинин маанилүү бөлүгүн түзөт. Жыйындын жыйынтыгында жаштардын кызматташтыгын бекемдеген декларация кабыл алынды.


Хунцзинь У, CNPC Тышкы байланыштар боюнча башчысы:


– Биз үчүн Казакстандын бул долбоорду кабыл алып, диалог үчүн аянтча болуп жатканы маанилүү. Биз компаниябыздын жетишкендиктерин гана эмес, келечекти кандай көрөрүбүздү да көрсөткүбүз келет: санариптештирүү, жаңы технологиялар, энергетиканы өнүктүрүү жана жаштардын маданий өз ара аракеттенүүсү. Декларацияны кабыл алуу, биздин оюбузча, жаштардын биргелешкен долбоорлорго активдүү катышуусуна жардам берип, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдейт.


Ержан Абылханов, CNPC International Kazakhstan компаниясынын башкаруучу мүдүрү:


– Бүгүнкү форум – анын максаттарынын бири, бул тышкы өнөктөштөр менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү жолго коюу, ошондо биз тажрыйба алмаша алабыз, бул өндүрүштүк-техникалык маселелер боюнча гана эмес, бүгүн илимий коомчулуктун өкүлдөрү да катышууда, алар өз идеялары, жакынкы 5-10-20 жылга болгон божомолдору менен бөлүшүүгө даяр, бул бизге да жасалма интеллект, санариптештирүү жана автоматташтыруу жаатында келечекке стратегиябызды жөнгө салууга жардам берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков