Казакстан менен Кытайдын ортосундагы айыл чарба өнүмдөрүнүн товар
жүгүртүүсү өткөн жылы дээрлик 2 эсеге өстү. Ал эми 2024-жылдын биринчи чейрегинде
бул көрсөткүч дагы 6%га өскөн. Ошол эле учурда, бир жыл ичинде КЭРна ата
мекендик айыл чарба товарларынын экспорту 84%га өсүштү көрсөттү. Өлкөнүн премьер-министри
менен Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Советинин премьер-министринин орун
басарынын жолугушуусунда тармакта кызматташтыкты арттыруунун мындан аркы келечектери
талкууланды. Айыл чарба тармагында биргелешкен долбоорлорду түзүү артыкчылыктуу
багыт болуп саналат. Ошентип, Казакстан Кытай рыногуна органикалык жана
экологиялык жактан таза айыл чарба өнүмдөрүн жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө
даяр. Өз кезегинде Лю Гочжун Кытайдын жасалма интеллект, электрондук коммерция,
спутник байланышын жана жашыл энергетиканы өнүктүрүү боюнча кызматташууну
өнүктүрүү ниетин билдирди. Белгилей кетсек, жалпысынан бүгүнкү күндө өлкөлөр
14,5 миллиард долларлык 45 биргелешкен долбоорду ишке ашырууда.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков