Казакстан оор атлетика боюнча азия чемпионатында 21 алтын медаль утту

Казакстан оор атлетика боюнча азия чемпионатында 21 алтын медаль утту

Казакстан курама командасы жаштар жана юниорлор арасындагы оор атлетика боюнча Азия чемпионатында медалдык эсепте биринчи орунду ээледи. Астанада спортчулар 21 алтын, 12 күмүш жана 17 коло медаль жеңип алышты. Белгилей кетсек, катышуучулар эки классикалык дисциплина боюнча күч сынашты – секирүү жана түртүү. Биздин спортчулар бир нече Азия жана дүйнөлүк рекорддорду да жаңылашты. Алардын бири – Едыге Емберды, ал түртүүдө гана эмес, эки күрөштүн жыйынтыгы боюнча да рекорд жаңыртып, чемпион болду.

Едыге Емберды, оор атлетика боюнча өспүрүмдөр арасында Азия чемпиону, Казакстандын жаштар курама командасынын оор атлети:

- Мен 2022-жылы чемпионатка катышкам, ал Ташкентте болгон. Ал жакта 73 килограммга чейинки категорияда күч сынашкам. Бул эски категория болчу. Ал жакта да түртүүдө жана эки күрөштүн жыйынтыгында дүйнөлүк рекорд койгом, а бул жолу Азияда. Ошондо мен өспүрүм болчумун, азыр болсо жаштар, чоңойуп калышты.

Казакстан престиждүү континенттик турнирди 12 жыл ичинде биринчи жолу кабыл алды. Бир аянтчада Азиянын 25 өлкөсүнөн келген 14 жаштан 20 жашка чейинки 300дөн ашуун күчтүү жаш спортчулар чогулду. Биздин команда турнирдин кожоюну катары эң көп санда болду.

Мохамед Юсеф Аль-Мана, Азия оор атлетика федерациясынын президенти:

- Казакстанда болуп өткөн окуялар укмуштуудай болду. Сиздердин спортчулар биринчи жолу ушундай жогорку ийгиликтерге жетишти. Лос-Анжелестеги Олимпиадада аларга ийгилик каалайм. Оюндарда алтын медалдарды багындырсын.

Мохаммед Джалуд Аль-Шаммари, Эл аралык оор атлетика федерациясынын президенти:

- Бул иш-чараны башынан аягына чейин уюштургандарыңыз үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Бул турнирге катышкан казакстандык спортчулар 2028-жылкы Олимпиада оюндарына жолдомо алышат деп ишенем.

Которгон: Назира Бегалиева