Алматыда Борбор Азиялык Be Woman форуму өттү

Алматыда аялдардын лидерлиги, бизнес, гендердик теңчилик, каржы жана ден соолук темаларын талкуулоо үчүн дүйнөнүн 10дон ашык өлкөсүнөн белгилүү жана ийгиликтүү аялдар чогулду. Бизнес, маданият, билим берүү жана технологиянын ар кандай чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү «Be Woman - 2024» Борбордук Азия форумуна катышышты. Шаардын башкы аянтчаларынын биринде өткөн иш-чарага 3,5 миңден ашуун айымдар катышты. Аталган форумдун башкы коногу SpaceX жана Tesla компаниясынын негиздөөчүсү Илон Масктын апасы Мэй Маск болду. Бул анын Казакстандагы алгачкы сапары. Бир нече күндүн ичинде Мэй Маск мегаполистин кооз жерлери менен таанышып, жергиликтүү ашкананын даамын татып, атүгүл «тушоо кесүү» улуттук аземин да өткөрдү. Ошондой эле, форумдун коноктору менен спикерлери катарында башка белгилүү адамдар жана ишкер аялдар болду. Алардын арасында белгилүү психотерапевт Габор Матэ, «Women in Tech»  кыймылынын негиздөөчүсү Аюми Мур Аоки жана бестселлер автору Джулия Льюис бар.

Джулия Льюис, бестселлер автору:

- Бүгүн мен конференцияга катышып, миңдеген ишкер аялдар жаңы билимге умтулуп, кызматташууга даяр экендигин көрдүм. Ошондуктан, дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун, биз бири-бирибизди ар дайым колдоп, билимибизди толуктап, акылмандыгыбыз менен бөлүшүшүбүз керек. Бул маанилүү. Мен Казакстанга болгон биринчи сапарымда өзгөчө энергияны сездим. Биримдиктин бул күчү бизди жаркын келечекке жетелейт.

Жанна Кан, «Be Woman - 2024» форумунун негиздөөчүсү:

- Бул туруктуу негизде иштеген платформага айланышын каалайбыз. Аны түзгөн айымдарга терең ыраазычылык билдирем. Бул пратформа биздин биригишибиз жана бири-бирибизди колдошубуз үчүн абдан маанилүү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков