Чыгыш Казакстан облусундагы Катон-Карагай районунун туристтик дарамети Берлинде өткөн эл аралык көргөзмөдө жогору бааланды. Ал өлкөдөгү негизги туристтик багыттардын бири болуп саналат. Жергиликтүү акимчиликтин маалыматына караганда, акыркы жылдары аймактын кооз жаратылышын көрүүгө 100 миңден ашуун конок келет. Бир эле Берел көрүстөнүнө жылына 10 миңге жакын адам келет. Муну менен катар, айыл туризми да жигердүү өнүгүүдө. Жалпысынан паркта алыстыгы, узактыгы жана транспорт түрлөрүнө байланыштуу 14 багыт бар. Алардын дээрлик бардыгына суроо-талап жогору. Буга байланыштуу адистер дагы бир нече багытты уюштурууну колго алды.
Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай, мейманканалар менен эс алуу жайлары, жергиликтүү көрүнүктүү жерлер жана башка маалыматтын бардыгын бир жерден алууга болот. Маалымат борбору Чоң Нарын калктуу-конушунда жайгашкан.
Белгилей кетсек, Катон-Карагай мамлекеттик улуттук жаратылыш паркы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирип, Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылыш фондунун башкы экоаймактарынын бири болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков