Казакстан жана Европа биримдиги билим берүү тармагындагы өнөктөштүктү чыңдоодо

Казакстан жана Европа биримдиги билим берүү тармагындагы өнөктөштүктү чыңдоодо

Казакстан менен Европа Биримдиги илимий жана билим берүү өнөктөштүгүн жаңы деңгээлге көтөрүүдө. Бельгияда өлкөнүн илим жана жогорку билим берүү министри Саясат Нурбек, Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Эдуардс Стипрайс, Европа Парламентинин өнөр жай, изилдөө жана энергетика боюнча комитетинин төрагасы Борис Будка, ошондой эле стартаптар, изилдөө жана инновациялар боюнча европалык комиссар Екатерина Захариева бир катар стратегиялык багыттарды  талкууланды. Тараптар казак университеттеринин жана илимий борборлорунун эл аралык изилдөө программаларына катышуусу, ошондой эле инновациялар жаатында биргелешкен стартаптарды ишке киргизүү жөнүндө сүйлөшүштү. Негизги натыйжа Казакстандын дүйнөдөгү эң ири илимий каржылоо программасына Horizon Europe кошулууга даярдыгы болду.


Саясат Нурбек, Илим жана жогорку билим берүү министри:


– Казакстанда академиялык хаб түзүлүүдө: 40ка жакын ири өнөктөш жана чет элдик университеттердин 33 филиалы бар. Алардын ичинен 7 европалык, анын ичинде 2 алдыңкы бельгиялык университеттер. Ошондой эле, биз өтө маанилүү минералдар жана металлдар боюнча европалык программаларга катышабыз. Бул Казакстан катышууну пландап жаткан 385 миллион евролук долбоор. «Horizon Europe» программасына катышуубуз ата мекендик университеттерди жана изилдөө институттарын каржылоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.


Бельгиянын университеттери менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө биргелешкен изилдөөлөрдү, академиялык мобилдүүлүктү жана билим берүү программаларын өнүктүрүү, илимий такшалмаларды баштоо жана колдонмо чечимдерди иштеп чыгуу, ошондой эле жогорку технологиялуу тармактар ​​үчүн кадрларды даярдоо маселелери да талкууланды. Бул жана башка темалар Shanyraq Dialogues диалог платформасынын кийинки жыйынында талкууланды. Бельгиялык өнөктөштөр конкреттүү илимий долбоорлорду ишке ашыруу ниетин тастыкташты.


Рони Снейдерс, Монса университетинин профессору:


– Бүгүн биз кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө абдан жемиштүү талкуу жүргүздүк. Казакстанда филиалдарды ачуудан баштап, изилдөөчүлөр үчүн алмашуу программаларына чейин. Биз сиздердин изилдөөчүлөрүңүздөр менен буга чейин иштешип келгенбиз жана натыйжаларга канааттандык. Бүгүн биз ошондой эле жашыл суутек, ядролук технологиялар, биотехнология жана чийки заттар жаатындагы долбоорлор жөнүндө билдик. Казакстан жогорку илимий-техникалык деңгээлди жана кызматташууну андан ары өнүктүрүү үчүн чоң дараметти көрсөтүп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков