Казакстандын Президенти Европанын алдыңкы компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту

Казакстандын Президенти Европанын алдыңкы компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту

Казакстандын Президенти алдыңкы европалык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту. Касым-Жомарт Токаев жана глобалдык өзгөрүүлөр институтунун аткаруучу төрагасы Тони Блэр өлкөдө ири масштабдуу реформаларды жүргүзүү маселесин талкуулашты. Сөз Казакстандагы саясий жана социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр тууралуу болду. Мамлекет башчысы мамлекеттик институттарды мындан ары өнүктүрүүгө, башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган учурдагы өзгөрүүлөр тууралуу да айтып берди.


Казакстандын Президенти Groupe ADP компаниясынын башкы мүдүрү Филипп Паскаль менен жолугушууда Алматы аэропортун жана аймактык авиациялык инфраструктураны өнүктүрүү келечегин талкуулашты. Касым-Жомарт Токаев компаниянын жаңы эл аралык терминалды курууну камтыган долбоорлорунун ийгиликтүү ишке ашырылгандыгын билдирди. Бул аэропорттун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жылына 14 миллион жүргүнчүгө чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берди. Филипп Паскаль инвестициялык программанын аркасында 2050-жылга чейин бул көрсөткүч 55 миллион жүргүнчүгө чейин өсүшү мүмкүн экендигин айтты. Ошондой эле тараптар авиаташуулар чөйрөсүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүүгө көңүл бурушту.


Андан ары Президент Inditex Group компаниясынын башкы мүдүрүнүн орун басары Сантьяго Мартинес-Лахе Собредону кабыл алды. Тараптар мындан аркы кызматташтыктын келечегин жана компаниянын Казакстандагы ишмердүүлүгүн кеңейтүүнү талкуулашты. Касым-Жомарт Токаев Inditexтин өлкөдөгү ишмердүүлүгүн өнүктүрүү жана Казакстанды Борбордук Азиянын негизги транзиттик-логистикалык хабдарынын бирине айландыруу пландарын кубаттады.


Мындан тышкары, мамлекет башчысы Mediterranean Shipping Company компаниясынын улук вице-президенти Эдуард Зигрист менен жолугушту. Тараптар транспорт жана логистика тармагындагы кызматташтыктын келечегин, анын ичинде Ортоңку коридорду өнүктүрүү маселесин талкуулашты. Өз кезегинде Эдуард Зигрист компаниянын Казакстандагы логистикалык терминалдарга, темир жол активдеринде, порттук инфраструктурага жана жүк ташуучу авиакаттамдарга инвестиция салууга даяр экенин билдирди.


Которгон: Илгиз Жамалбеков