Мамлекет
башчы Египет Араб Республикасы парламенти сенатынын төрагасын кабыл алды.
Президент Касым-Жомарт Токаев Абделуахаб Абделразектин Казакстанга сапары эки
тараптуу парламенттер аралык мамилелерди чыңдоого жаңы дем берерине ишеним
билдирди. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкөнүн парламенттик
дипломатиясын өнүктүрүү, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык
тармактарда кызматташууну бекемдөө маселелери талкууланды. Мамлекет башчы Египеттик
компанияларды транспорт жана транзит, туризм, санариптештирүү тармактарында
биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн карап
чыгууга чакырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков