«Астана Опера» театры 2024-жылга атайын гастролдук программа
даярдап жатат. Борбор калаадагы театрдын балет труппасы Словенияга жөнөгөнү
жатат. Люблянадагы эл аралык фестивалда борбор калаанын артисттери Арам
Хачатуряндын легендарлуу «Спартак» балетин тартуулашат. Ал эми опералык труппа
Орусиянын Чоң театрында өнөр көрсөтөт. Жалпысынан быйыл «Астана Опера» театры
Петр Чайковскийдин «Уйкудагы сулуу» балетинин премьерасын көрсөтүүнү пландап
жатат. Мындан тышкары Сыдык Мухамеджановдун «Айсулуу» жана Джузеппе Вердинин
«Риголетто» опералык спектаклдери көрүүчүлөргө сунушталат.
Азамат Жылтыркөзов, Астана Опера труппасынын мүдүрү:
Албетте, пландарыбыз көп. Балет жана операнын
премьераларынан тышкары симфониялык музыканы да сунуштайбыз. Бизде Байсеитова
атындагы камералык зал бар. Камералык залда да спектаклдер болот. Театрдын
жанында жаш опера ырчыларына арналган академия да бар. Эл аралык академияда
спектаклдер, анын ичинде премьералык спектаклдер коюлат. Биздин репертуарыбыз
көп. Дүйнөлүк классика, улуттук опера-балеттер да бар.
Театрдын алдыга
пландап койгон негизги максаты – улуттук өнөрдү даңазалоо. «Астана Опера» заманбап шартта аткаруу менен улуттук баалуулуктарга
жаңы музыкаларды киргизет. Ошентип, аны көрүүчүлөргө, өзгөчө чет элдик
конокторго тартуулоо, дүйнөлүк белгилүү театр сахналарында көрсөтүү
пландалууда.
Азамат Жылтыркөзов, Астана Опера труппасынын мүдүрү:
Улуттук опера ар дайым керемет болот. Дүйнөлүк
классиканы жатка билген, көзүн жумуп айта алган, европалык көрүүчүлөргө
өзүбүздүн улуттук спектаклдерибизди көрсөткүбүз келет. Бардык казак
операларында балет сахналары милдеттүү түрдө болушу керек. Алардын ичинен
«Абай», «Биржан-Сара», «Кыз Жибек» операларын айтсак болот. Бул легендарлуу
операларда ар дайым укмуштуудай, тез жана күчтүү балет сахналары чагылдырылат.
Ага «Алпамысты» да кошууга болот. Былтыр Балнур Кыдырбектин «Калкаман-Мамыр»
опера-балетинин премьерасы болгон. Ал эми
Чоң театрда «Абайды» коёбуз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков