Казакстан БУУ-нун миссиясына серепчилерди даярдоону сунуштады

Казакстан Борбор Азия өлкөлөрү менен биргеликте БУУ-нун миссиясына серепчилерди даярдоону сунуштады. Бул тууралуу Алматыда өлкөнүн Коргоо министрлигинин Тынчтыкты сактоо операциялар борборунун базасында өткөн биринчи аймактык тегерек столдо айтылды. Мындан тышкары, катышуучулар эл аралык гуманитардык укуктун жана тынчтыкты сактоонун гендердик аспектилеринин маселелерин карашты. Ошондой эле аймактык коопсуздукту камсыз кылууда эң беделдүү жана универсалдуу эл аралык уюм катары БУУ-нун таасирин күчөтүүдө Борбор Азия мамлекеттеринин ролу талкууланды. Белгилей кетсек, иш-чара тынчтык орнотуучулардын эл аралык күнүнө карата өткөрүлдү. 

Бауыржан Ныгметуллин, Коргоо министрлигинин тынчтык операциялар борборунун башчысы: 

-Бул миссиянын негизги максаты - тажрыйба алмашуу. Биз тынчтыкты сактоо операциясына даярдык көрүү жана тилди окутуу системасын уюштуруу боюнча тажрыйбабыз менен бөлүшкүбүз келет. Контингентти жиберүү стратегиялык мааниге ээ. Биз Борбор Азия өлкөлөрүнүн тынчтык орнотуучу дараметин чыңдоо алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун миссиялары үчүн серепчилерди даярдоодо жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууда күчүбүздү бириктире алабыз. Тажрыйба жана билим менен бөлүшүү, жакшы коңшулаштык жана өз ара түшүнүшүү маанилүү деп эсептейбиз. Бул биздин узак мөөнөттүү кызматташуубуздун ачкычы болот деп ишенем.

Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу штаб-кеңсесинин Тынчтыкты сактоо операциялары департаментинин өкүлү Герберт Лорэт Казакстандын тынчтык орнотуу операцияларына катышуу үчүн контингенттерин жиберген өлкөлөр менен өз ара аракеттенүүсүнө оң баа берди.

Герберт Лорэт, БУУ Нью-Йорктогу Башкы-кеңсесинин тынчтык операциялар департаментинин өкүлү:

-Казакстан Республикасы бейпилдик операцияларына катышуучу өлкөлөр менен өз ара кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүүнү жолго коюу боюнча чоң иштерди жүргүзүүдө. Казакстандык адистер ар кайсы өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен бирге тынчтык орнотуу операцияларына катышат. Биз Борбор Азия чөлкөмүнүн бардык өлкөлөрү Казакстандын тынчтык орнотуу операцияларына катышуу мүмкүнчүлүгүн пайдалана алат деп ишенем.

Белгилей кетсек, Казакстан БУУ-нун тынчтык орнотуу операцияларына катышуу горизонтторун тынымсыз кеңейтип келет. Он алты жылдын ичинде 600-дөн ашык үй аскер кызматкерлери Бириккен Улуттар Уюмунун Азия, Жакынкы Чыгыш жана Африкадагы жети миссиясына катышты. Бүгүн Голан дөңсөөлөрүндө 139 казакстандык  аскер кызматкеринен турган биринчи көз карандысыз бейпилдик контингенти ачылды. Бул Казакстан менен БУУ-нун ортосундагы тынчтыкты сактоо жолундагы тарыхый кадам.

Которгон: Илгиз Жамалбеков