БУУнун Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюмунун Баш катчысы Астанадагы көчмөндөр оюндарын уюштуруунун деңгээлин жогору баалады. Анын айтымында, мындай иш-чаралар туризмди жана жалпы өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жол ачат. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк туризм уюмунун башчысы Касым-Жомарт Токаев менен болгон жолугушуусунда билдирди. Мамлекет башчы Казакстан Уюм менен тыгыз кызматташууга умтуларын жана туризм тармагында биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экенин билдирди. Жолугушууда Казакстандын БУУнун Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюму менен өнөктөштүгүн кеңейтүү планы талкууланды. Өлкөнүн туристтик дараметин жана эл аралык аренадагы аброюн жогорулатууга салым кошкон конкреттүү иштерге басым жасалды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков