Касым-Жомарт Токаев менен Украина президенти телефон аркылуу сүйлөштү

Касым-Жомарт Токаев менен Украина президенти телефон аркылуу сүйлөштү

Касым-Жомарт Токаев менен Владимир Зеленский Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча пикир алышты. Телефондук сүйлөшүү украин тараптын демилгеси менен өттү. Казакстандын президенти сүйлөшүүлөрдө Украинадагы согуштук аракеттерди токтотуу жана алдын алуу боюнча макулдашууга жетишүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Лидерлер эки өлкөнүн гуманитардык кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү боюнча макулдашышты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков