Атырау облусунда кубаттуулугу 1 миллион тоннадан ашык
полиэтилен өндүрүүчү завод курулат. Бул тууралуу «КазМунайГаздын» үстүбүздөгү
жылдын биринчи кварталында аткарган иштери боюнча отчётунда айтылды.
Башкармалыктын төрагасынын милдетин аткаруучу Асхат Хасенов президентке
компаниянын 2023-жылы ишке киргизилген газ кендери, ошондой эле корлорду
толуктоо жана мунай өндүрүүнүн деңгээлин сактоо максатында жүргүзүлүп жаткан
геологиялык чалгындоо иштери тууралуу маалымат берди. Атап
айтканда, «КазМунайГаз» Кызылорда облусундагы Торгай палеозой участкасында жана
Каспий деңизиндеги Абай участкасында тереңдиги 5500 метр скважинаны бургулоону
пландоодо. Негизги инвестициялык долбоорлордун арасында Жаңы-Өзөндөгү гибриддик
электр станциясынын курулушу бар. Жыйындын соңунда Касым-Жомарт Токаев
геологиялык чалгындоо, мунай жана газ химиясы тармагындагы долбоорлорго ири
инвесторлорду тартуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков