АКШ инвестору казакстандык ІТ-стартапка 1 миллион доллар инвестиция салды. Анда документ жүгүртүү чөйрөсүндө инновациялык чечимдерди киргизүү көздөлгөн. Башкача айтканда, стартап СМС жана башка текшерүү ыкмалары аркылуу келишим түзүүгө жардам берет. Өкмөттө юстиция органдарын ушул түрдөгү жаңы долбоорлор аркылуу санариптештирүү мүмкүнчүлүгү каралды. Белгилей кетсек, тармактык министрлик мамлекеттик кызматтын 94 түрүн сунуштайт. Алардын 90% онлайн форматта жеткиликтүү. Ошентип, өткөн жылы көрсөтүлгөн 14 миллиондон ашык кызматтын 88% аралыктан ишке ашырылган. Санариптик трансформациянын алкагында 60тан ашык бизнес-жараяндардын реинжиниринги жүргүзүлдү. Жыйынтыгында, натыйжалуулуктун 54%га жогорулашы күтүлүүдө. Электрондук түрдө гана ишеним кат алуу 4 эсеге көбөйгөн. Ошондой эле, өлкөдө мыйзам чыгаруу процессин автоматташтырууга арналган «QazaqLaw» жасалма интеллект агенти иштеп жатат.
Жаслан Мадиев, Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмос өнөржай министри:
- Агент GhatGpt негизинде түзүлгөн, бирок кийинчерээк биз аны андан ары үйрөтүп, өркүндөттүк. Биз аны санариптик трансформацияга жардам берүү үчүн колдонобуз. Агент бизге мамлекеттик органдар үчүн маалыматтык системаларды түзүү процессин тездетүү боюнча сунуштарды түзүүгө жардам берди. Мисалы, 18-24 айдан 4-6 айга чейин. Ошентип, биз жасалма интеллекттин интеграциясы юстиция системасын андан ары өркүндөтүү үчүн күчтүү курал болот деп ишенебиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

